Нетаньяху: "Йеменге абадан соккулар уланат"
Беньямин Нетаньяху Израилдин Канал 14 телекөрсөтүүсүнө берген маегинде Йеменге кол салуулар баш болгон күн тартибине байланыштуу маалымат берди.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Йеменге кечээ жасалган бомбалоолор тууралуу «Жаңыдан эле баштап жатабыз» деп айтып аба соккуларынын улана турганын билдирди.
Беньямин Нетаньяху Израилдин Канал 14 телекөрсөтүүсүнө берген маегинде, Йеменге кол салуулар баш болгон күн тартибине байланыштуу маалымат берди.
Хуситтердин Израилге кол салуусуна «уруксат бербей тургандарын» айткан Нетаньяху: «Биз алар менен (хуситтер) жаңыдан баштап жатабыз, бүгүн же башка күнү Израилге кол салуусуна уруксат бербейбиз»,-деди.
Бир тараптан Израиль армиясынын кечээ Йеменде Иран колдогон хуситтердин көзөмөлүндөгү Эл аралык Сана аэропортуна жана Худейде шаарына карай абадан кол салуусунда каза болгондордун санынын 6га жеткени кабарланды.
Хуситтердин эл-Месире телеканалынын Telegram баракчасындагы билдирүүдө, Израилдин борбор шаары Санадагы эл аралык аэропортко жасаган кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Билдирүүдө «Душман Израилдин Сана эл аралык аэропортуна жана Худейдеге кол салууларынын натыйжасында 6 киши каза болуп, 40 киши жараланды» деген сөздөр камтылды.
Хуситтерге байланышы бар SABA кабар агенттигинин кабарында болсо Израилдин, өлкөнүн батышындагы Кызыл деңиздин жээгинде жайгашкан Худейде провинциясына жасаган кол салууларында 1 кишинин каза болгону, 5 кишинин жараланганы билдирилди.
Тектеш кабарлар

АКШ Израилге курал сатууну бекитти
АКШнын Мамлекеттик департаменти Израилге 7,4 миллиард долларлык жаңы курал сатат.