Мозамбикте 6 000 туткун качты

Мозамбиктин  борбор шаары Мапутодогу жогорку коопсуздук менен камсыздалган абактан  кеминде  6000 туткун качты.

2224744
Мозамбикте 6 000 туткун качты

Мозамбиктин  борбор шаары Мапутодогу жогорку коопсуздук менен камсыздалган бир абактан  кеминде  6000 туткун качты.

Окуя  9 -  октябрда болгон шайлоого карата нааразычылык күч алган мезгилде чыкты.

Улуттук басма сөздөгү кабарларга караганда күзөтчүлөрдү таасирсиз абалга алып келген миңдеген туткун куралданып абактан качты.

Туткундардын рождество майрамынан улам пайда болгон баш  аламандыктан жана шайлоо жыйынтыгына байланыштуу уланып жаткан нааразычылык акцияларынан пайдаланып качкандары белгиленди.

Полициянын башкы командири Бернардино Рафаэль качуу учурунда 33 туткундун каза болгонун,  15 адамдын жаралангандыгын билдирди.

Рафаэль түрмөдө 29 террордук кылмышкердин бар экенин, алардын да качкан 6 000 туткундун арасында экендигин белгиледи.

9 -  октябрда болгон шайлоодо бийликтеги  Фрелимо партиясынын утуп чыгышынын конституциялык кеңеш тарабынан бекитилишинен кийин жалпы өлкөдө башталган нааразычылык акцияларында полиция унаалары, полициялык пункттар менен инфраструктура бутага алынды. 

 



Тектеш кабарлар