БУУнун 2025-жылга карата бюджети бекитилди
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы 2025-жылы эл аралык коомчулук башынан өткөргөн көйгөйлөр менен күрөшүү үчүн даярдалган 3,72 миллиард долларлык БУУнун бюджетин бекитти.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы 2025-жылы эл аралык коомчулук башынан өткөргөн көйгөйлөр менен күрөшүү үчүн даярдалган 3,72 миллиард долларлык БУУнун бюджетин бекитти.
БУУнун интернет сайтында жарыяланган жазуу түрүндөгү маалыматта БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш тарабынан 16-октябрда сунушталган 2025-жылдын бюджети жалпы жыйында жактырылып, өзгөчө «деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө колдоо көрсөтүү» жаңы программасынын кабыл алынганы билдирилди.
Гутерриштин сунушуна ылайык, бекитилген бюджетке болжол менен 1 миллион доллар кошумчаланганы белгиленди.
Билдирүүдө: «БУУнун 2025-жылга карата бюджети саясий иштер, эл аралык адилеттүүлүк жана укук, өнүктүрүү боюнча аймактык кызматташтык, адам укуктары жана гуманитардык жардам, коомчулукту маалыматтандыруу сыяктуу негизги чөйрөлөрдөгү БУУнун программаларын каржылайт»,деп айтылды.
БУУнун «тынчтыкты сактоо операциялары» үчүн өзүнчө бюджети бар экенине көңүл бурулган билдирүүдө, Башкы ассамблеянын да ошол эле сессияда ачык деңизге чыга албаган, кургактыктар менен курчалган, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн «10 жылдык иш планын» кабыл алганы белгиленди.
Жакынкы Чыгыштагы көйгөйлөрдү чечүүгө бөлүнгөн каражаттар көбөйтүлдү
БУУнун 2025-жылдагы бюджетинде Жакынкы Чыгыштагы, өзгөчө Газа жана Сирия сыяктуу аймактардагы гуманитардык кризис менен күрөшүү үчүн бөлүнгөн булактарга кошумча каражаттар киргизилди.
Башкы катчы Гутерриш тарабынан 16-октябрда сунушталган сунуштун кабыл алынышы менен Газадагы гуманитардык кризис үчүн бюджетке 3,5 миллион доллар кошумча каражат каралган.
Мындан тышкары, палестиналык качкындар үчүн өтө маанилүү болгон БУУнун палестиналык качкындарга жардам жана иштер боюнча агенттигинин бюджетине сунушталган 2,5 миллион долларлык кошумча жардам да кабыл алынды.
БУУнун каржылоо тартыштыгын жоюу үчүн Тынчтык түзүү фондуна 50 миллион доллар бөлгөн бюджет сунушунда, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсесине 8 миллион доллар жана Сириядагы дайынсыз жоголгондор үчүн көз карандысыз мекеменин ишин колдоо үчүн 8,3 миллион доллар кошумча колдоо суралган.