Нетаньяху хуситтерди коркутту
Премьер-министр Нетаньяху Ханукка майрамына байланыштуу X платформасынан билдирүү жасады.
2224259

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху акыркы жумаларда борбор калаа Тель-Авивге ракета жана учкучсуз аппараттар менен кол салууларын көбөйткөн Йемендеги хуситтерди коркутту.
Премьер-министр Нетаньяху Ханукка майрамына байланыштуу X платформасынан билдирүү жасады.
Нетаньяху: «Душмандарга жана бул жердеги биздин жашообуздун жибин кесип салабыз деп ойлогондорго кол салуудабыз, андыктан бул баарына тиешелүү», - деди
Иран колдогон хуситтерге карата коркутуучу сөздөрдү айткан Нетаньяху: «Хамас, Хизбулла, Асад режими жана башкалардын үйрөнгөндөрүн хуситтер да үйрөнүшөт. Убакытты талап кылса да бүткүл Жакынкы Чыгыш бул сабакты алат»,-деп коркутту.