Лавров Түркиянын Сирия чек арасындагы коопсуздукка байланыштуу тынчсыздануусун түшүнүшкөндөрүн айтты
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвада орус жана чет элдик журналисттердин онлайн суроолоруна жооп берди.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түркиянын Сирия чек арасындагы коопсуздукка байланыштуу тынчсыздануусун түшүнүшкөндөрүн айтты.
Сергей Лавров борбор шаар Москвада орус жана чет элдик журналисттердин онлайн суроолоруна жооп берди.
Сириядагы абалга токтолгон Лавров 8-декабрда бул өлкөдө Башар Асад режими кулатылгандан кийин Дамасктагы орус дипломаттарынын чакыртылбагандыгын, Россиянын Дамасктагы элчилиги мурдагыдай эле ишин улантып жаткнадыгын белгиледи.
Лавров : "Сириянын жаңы администрациясынын өкүлдөрү менен дипломатиялык өкүлчүлүгүбүз аркылуу байланыштарыбызды улантып жатабыз. Орус жарандарынын коопсуздугун камсыздоо жана элчилигибиздин коопсуз иштешине байланыштуу маселелер боюнча кеңешип жатабыз. Жалпысынан эки тараптуу карым-катнаштар тууралуу башка темаларды жана аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча диалогго даярбыз жана жактайбыз",- деди.
Министр Лавров президент Режеп Таййип Эрдогандын Сирияга байланыштуу билдирүүлөрүн эске алышкандарын белгилеп : "Түрк башкаруусунун жана түрк калкынын Сириянын чек арасындагы коопсуздукка байланыштуу тынчсыздануусун түшүнөбүз. Чек арада баш аламандык жараткан террордук уюмдарга байланыштуу окуялар көп жолу болду. Түркиянын коопсуздук кызыкчылыктары Сириянын эгемендиги, жеринин бүтүндүгү жана биримдиги сактала тургандай түрдө болушу керек. Түрк башкаруусу бул багытта мамиле кылууда жана биз муну колдойбуз»,-деп баа берди.
АКШнын Сириянын чыгышындагы жерлерди басып алганын белгилеген Лавров бул көйгөйдүн да чечилиши керектигин баса белгилеп: «Бул аймакта мунай кендери жана түшүмдүү жерлер бар. Бул ресурстардын баары экспорттолууда. Булардан алынган акчалар жикчил террордук уюмдардын колдоого алынышы үчүн жумшалууда. Америкалыктар бул топторду Сириянын чыгышында жаратты",- деди.
Сергей Лавров булардын баарын эске алуу керектигин жана Сириянын бөлүнүшүнө жол берилбеши керектигин баса белгиледи.
Тектеш кабарлар

АКШ Израилге курал сатууну бекитти
АКШнын Мамлекеттик департаменти Израилге 7,4 миллиард долларлык жаңы курал сатат.