Кытай Тибетте дүйнөнүн эң чоң дамбасын курат
Кытайдын Синьхуа агенттигинин кабарына караганда, Гималайдын чыгышындагы Ярлунг Цангпо дарыясынын төмөнкү агымында курулушу пландалган дамбанын курулушуна уруксат берилди.

Кытай Тибет автономиялуу аймагында дүйнөдөгү эң чоң ГЭСти курууга даярданып жатат.
Кытайдын Синьхуа агенттигинин кабарына караганда, Гималайдын чыгышындагы Ярлунг Цангпо дарыясынын төмөнкү агымында курулушу пландалган дамбанын курулушуна уруксат берилди.
Тибет платосунда Кытайдан Индияга агып өткөн дарыяга курула турган дамба 50 километрде 2 миң метрден ашык бийиктикке чейин өзгөргөн аймакта терең капчыгай жаратуу менен аккан дарыя нын үстүнө курула турган дамба дүйнөнүн эң чоң дамбасы болот.
Жыл сайын болжол менен 300 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрө турган дамба учурда Кытайдын жана дүйнөнүн эң ири ГЭСи болгон, жылда 88, 2 миллиард киловатт-саат электр өндүргөн Хубэй провинциясындагы Үч Өрөөн дамбасынан үч эсе көп орнотулган кубаттуулукка ээ болот.
Курулушу 1 триллион юанга (болжол менен 137 миллиард доллар) бааланган дамбанын дүйнөдөгү эң кымбат инфраструктуралык долбоор болушу күтүлүүдө.
Синьхуа агенттигинин кабарында дамбанын гидроэлектр өндүрүү менен бирге жакын жердеги шамал жана күн энергиясы булактарын өнүктүрүүсүн да кубаттап, аймактын таза энергетика потенциалына жана Кытайдын жашыл жана төмөн көмүртектүү трансформациясына салым кошо турганы баса белгиленди.
Кабарда дамбанын так кайда курулаары жана качан курулаары тууралуу маалымат берилген жок.