Түштүк Корея космоско үчүнчү чалгын спутнигин ийгиликтүү учурду

Йонхап агенттигинин кабарына караганда Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта өлкөнүн үчүнчү ата мекендик тыңчы спутнигинин АКШнын Калифорния штатындагы Ванденберг космодромунан учурулганы билдирилди.

2222906
Түштүк Корея космоско үчүнчү чалгын спутнигин ийгиликтүү учурду

Түштүк Корея SpaceX тарабынан чыгарылган Falcon 9 ракетасы ташыган үчүнчү чалгын спутнигинин космоско ийгиликтүү жөнөтүлгөнүн жарыялады.

Йонхап агенттигинин кабарына караганда Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта өлкөнүн үчүнчү ата мекендик тыңчы спутнигинин АКШнын Калифорния штатындагы Ванденберг космодромунан учурулганы билдирилди.

Билдирүүдө SpaceX тарабынан чыгарылган Falcon 9 ракетасы менен ташылган жана Синтетикалык Апертура радарлары (SAR) менен жабдылган спутниктин орбитага ийгиликтүү жайгаштырылганы маалымдалды.

Түндүк Кореянын аскердик иш-аракеттерин жакшыраак байкоо үчүн спутник тармагын түзүүнү максат кылган Түштүк Корея 2023-жылы декабрда биринчисин, 2024-жылы апрелде экинчисин космоско жиберген.



Тектеш кабарлар