Йемендеги хуситтер Израилдин бир аскердик бутасынын атылгандыгын билдирди

Хуситтердин аскердик катчысы Яхя Сери берген билдирүүсүндө кол салууда «Палестина  2» моделиндеги баллистикалык ракеталардын колдонулгандыгын айтты.

2222825
Йемендеги хуситтер Израилдин бир аскердик бутасынын атылгандыгын билдирди

Йеменде  Иран колдогон хуситтер Яфа шаарында Израилдин бир аскердик бутасын баллистикалык ракеталар менен атылгандыгын жарыялады.

Хуситтердин аскердик катчысы Яхя Сери берген билдирүүсүндө кол салууда «Палестина  2» моделиндеги баллистикалык ракеталардын колдонулгандыгын айтты.

Сери Яфа шаарындагы аскердик пунктту «ийгиликтүү» бутага алгандарын белгиледи.

Хусит катчы : «Израиль Газага карата кол салууну токтотмоюнча жана блокаданы жоймоюнчу операцияларыбыз улантыла берет»,- деди.

Хуситтер кечээ кечинде Израилдеги «турмуштук мааниге  ээ пункттарды» учкучсуз учуучу аппараттардын кол салуусу менен бутага алгандарын жарыялаган.

 



Тектеш кабарлар