Европа Биримдиги менен НАТО Германиядагы кол салууну айыптады
Европа Биримдиги жана НАТО Германияда рождество базарына карата жасалган кол салууга каршылык көрсөтүп, Берлин менен тилектештик билдирүүсүн жарыялады.
2222822

Европа Биримдиги жана НАТО Германияда рождество базарына карата жасалган кол салууга каршылык көрсөтүп, Берлин менен тилектештик билдирүүсүн жарыялады.
Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Ляйен социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө : «Оюбуз Магдебургдагы кол салуунун курмандыктары менен бирге»,- деди.
Немис саясатчы окуянын изилдениши жана жооптуулардын жазаландырылышы керектигин белгиледи.
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте да көңүл айтып Германия менен бирге экендерин белгиледи.
Германиянын Магдебург шаарында бир кишинин унаасын рождество базарындагы элге карата айдоосу менен алгачкы белгилөөлөргө караганда 2 кишинин каза болгону жана 60тан ашуун кишинин жаралангандыгы билдирилген.