ДССУ : Ливандагы саламаттыкты сактоо системасы чоң кыйынчылыктар менен бетме - бет

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Израиль менен 27- ноябрда жетишилген ок атышпоо келишимине карабастан, Ливандын саламаттыкты сактоо системасы чоң кыйынчылыктарга туш болгонун билдирди.

2222838

ДССУ Ливанда көптөгөн жылдардан бери болуп келе жаткан түрдүү маселелер жана Израилдин кол салууларынан улам жабыркаган Ливандагы саламаттыкты сактоо системасы тууралуу X социалдык медиа платформасынан билдирүү жарыялады.

Израилдин кол салууларынан улам 1 миллиондон ашуун жер которгон ливандыктын үйлөрүнө кайткандыгы жана миңдеген жарандын медициналык жардамга муктаж экендиги белгиленген билдирүүдө : "Ок атууну токтотууга карабастан, Ливандын саламаттыкты сактоо системасы чоң көйгөйгө туш болууда",- деп айтылды.

Билдирүүдө  Ливандын Сириядан келген 1,5 миллион качкынды кабыл алганы жана Израилдин кол салууларынан улам үзгүлтүккө учураган саламаттыкты сактоо кызматтарынын жетишсиз экендиги эскертилди.

ДССУнун дагы бир билдирүүсүндө, Ливандагы миңдеген медициналык кызматкердин жер которуусу же миграциясынын бул тармактагы кызматтардын үзгүлтүккө учурашына себеп болгон факторлордун бири болгондугу белгиленди. 
Билдирүүдө : "2023-жылдын октябрынан бери саламаттыкты сактоо инфраструктурасына жасалган чабуулдардан 530дан ашык медицина кызматкери жана бейтап каза болду же жарадар болду",- деп айтылды.

Тектеш кабарлар