БУУ : Судандагы согуштун акырындай тургандыгына байланыштуу эч бир белги жок

БУУнун Жогорку Комиссарлыгы Суданда  20 айдан бери уланып келе жаткан согуштун акырындай тургандыгына байланыштуу эч бир белгинин жок экендигин билдирди.

2222826
БУУ : Судандагы согуштун акырындай тургандыгына байланыштуу эч бир белги жок

БУУнун Жогорку Комиссарлыгы Суданда  20 айдан бери уланып келе жаткан согуштун акырындай тургандыгына байланыштуу эч бир белгинин жок экендигин билдирди.

БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын Түштүк Судан өкүлү Мари-Хелен Верни жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, акыркы убакта Түштүк Суданга барган мигранттардын санынын көбөйүшүнө каршы каражаттын жетишсиз экендигин жана мунун чек ара аймактарында кызмат көрсөтүүлөрдү үзгүлтүккө учураткандыгын белгиледи.

Верни күтүлбөгөн жерден чыккан агымды колдоо үчүн гуманитардык жардамдын "абдан аз каржыланганын" жана бул жылы адамдардын муктаждыктарынын 24 пайызынын гана камсыздалгандыгын айтты.

Верни Судандын (Түштүк Суданга жакын) Ак Нил, Синнар жана Көгүлтүр Нил аймактарында кагылышуулардын күч алышынан кийин үч жумадан кыска бир убакытта  80 миңден ашуун кишинин Түштүк Суданга баш калкалагандыгы тууралуу маалыматты бөлүшүп, Суданда  20 айдан бери уланып келе жаткан согуштун акырындай тургандыгына байланыштуу эч бир белгинин жок экендигин айтты.

Түштүк Суданга баргандардын көпчүлүгүнүн  абдан маанилүү гуманитардык жардамга муктаж  болгондордун аялдар менен балдар экенине көңүлдөрдү бурган Верней булардын көпчүлүк учурда алыс жана барууга кыйын чек ара капкаларынан өтүп, чек арадагы чакан айылдарга жайгашышканына көңүлдөрдү  бурду.

Верни Суданда иштер аткарыла баштаган  2023 -  жылдан бери Түштүк Суданга болжол менен  1 миллион кишинин киргендигин эске салып : «Качкындар жана кайра кайткан түштүк судандыктар эптемей баш калкалоочу жерлерде жашап жатат, айрымдары да дарактардын түбүндө жашап жатат»,- деди.



Тектеш кабарлар