Ахмет Йылдыз- Гутерриш жолугушуусу

Ахмет Йылдыз социалдык медиа баракчасынан жолугушуу тууралуу маалымат берди.

2222015
Ахмет Йылдыз- Гутерриш жолугушуусу

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Ахмет Йылдыз Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

Ахмет Йылдыз социалдык медиа баракчасынан жолугушуу тууралуу маалымат берди.

Йылдыз, БУУнун ортомчулук достору тобунун тең төрагалары катары финляндиялык кесиптеши элчи Элина Калкку жана БУУнун баш катчысы Гутерриш менен жолугушканын айтты.

Жолугушууда БУУнун аракеттеринде ортомчулуктун мааниси талкууланып, Достор тобунун «Келечек келишимин» кандай колдой алаары тууралуу пикир алмашылганы айтылды.



Тектеш кабарлар