Вануатудагы жер титирөө: 14 адам каза болду

Вануатуда мурунку күнү болгон 7,3 баллдык жер титирөө, борбор шаар Порт Вила жээгинен 30 километр алыстыкта, болжол менен 57 километр тереңдикте катталган.

2221633
Вануатудагы жер титирөө: 14 адам каза болду

Тынч океандагы арал өлкөлөрүнүн бири Вануатуда бир күн мурда болгон 7,3 баллдык жер титирөөдө каза тапкандардын саны 14кө жетти.

Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдор федерациясынын (IFRC) жооптуу кызматкери Кэти Гринвуд социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, жер титирөөдөн жабыркагандарды издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын кабарлады.

Биринчи жардам, баш калкалоочу жай, суу сыяктуу муктаждыктардын бар экенин баса белгилеген Гринвуд, каза болгондордун санынын 14кө жеткенин жана 200 кишинин дарыланып жатканын айтты.

Вануатуда мурунку күнү болгон 7,3 баллдык жер титирөө, борбор шаар Порт Вила жээгинен 30 километр алыстыкта, болжол менен 57 километр тереңдикте катталган.

Жер титирөөдөн кийин берилген цунами эскертүүсү кийинчерээк алынып салынган.



Тектеш кабарлар