Педерсен Сириянын сүйлөшүү комиссиясынын делегациясы менен жолугушту
Гейр Педерсендин кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта атайын өкүлдүн Сирия сүйлөшүү комиссиясынын ар түрдүү бөлүктөрү менен Сириядагы акыркы аскердик операцияларга катышкан аскердик өкүлдөр менен жолугушканы белгиленди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр Педерсен 8-декабрда Башар Асад режими кулатылгандан кийин биринчи жолу барган борбор шаар Дамаскта Сириянын сүйлөшүү комиссиясынын делегациясы менен жолугушту.
Гейр Педерсендин кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта атайын өкүлдүн Сириянын сүйлөшүү комиссиясынын ар түрдүү бөлүктөрү менен Сириядагы акыркы аскердик операцияларга катышкан аскердик өкүлдөр менен жолугушканы белгиленди.
«Атайын өкүл 2024-жылдын 14-декабрында Иорданияда өткөрүлгөн Сирия боюнча Эл аралык Акаба жолугушуусунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2254 (2015) номердүү резолюциясынын принциптерине негизделген ишенимдүү, камтыган Сирияга таандык жана башкарылуучу саясий өткөөл мезгилдин зарылдыгына басым жасалды»,деген билдирүүлөрү камтылган Педерсендин БУУнун Сирия калкына ар кандай жардам көрсөтүү ниетинде экенин баса белгилегени да белгиленди.
Ошол эле учурда Гейр Педерсен жана аны коштогон делегация Седная түрмөсүн карап чыгышты.
Педерсен басма сөзгө берген билдирүүсүндө: «Баарыбыздын үрөйүбүз учту. Бул жерде болгондор тууралуу айта турган сөз таба албайбыз»,-деди.
Сирияда «бул айтып бүткүс коркунучту» башынан өткөргөн көп үй-бүлө бар экенине көңүл бурган Педерсен, эми аларга колдон келген колдоонун көрсөтүлүшү керектигин баса белгиледи.
Атайын өкүл Сирияда да, башка жерде да мындай көрүнүш кайталанбашы керектигин белгилеп, Седная түрмөсүнө байланыштуу документтердин сакталышы керектигин жана мунун адилеттүүлүктү камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү экенин айтты.