Түштүк Суданда 28-октябрдан бери холера эпидемиясынан 60 адам каза болду

Согуш уланып жаткан коңшу Суданда 12-августта холерадан улам эпидемия жарыяланып, ооругандардын саны 46 миңден ашты.

2220433
Түштүк Суданда 28-октябрдан бери холера эпидемиясынан 60 адам каза болду

Түштүк Судандын президенти Салва Киир Майардиттин жетекчилигинде өткөн өкмөт жыйынынан кийин журналисттерге маалымат берген информация жана коммуникация  министри Майкл Макуэй Лует өлкөдө холера оорусуна чалдыккандардын саны 6 миңден ашканын айтты.

Лует холера эпидемиясынын Түштүк Судандын бардык жерине жайылгандыгын жана 28-октябрдан бери холерадан 60 кишинин каза болгонун белгиледи.

Холеранын өзгөчө Судандагы согуштан улам өлкөгө баш калкалаган качкындардын арасында кеңири тараганына көңүл бурган Лует абалды көзөмөлдөө аракеттеринин уланып жатканын баса белгиледи.

Түштүк Судан өкмөтү 10-декабрда БУУ менен биргеликте өлкөдө холера эпидемиясынын көбөйүшүнө каршы жарандарды эмдөө программасын баштады.БУУ менен биргеликте өлкөдө холера эпидемиясынын көбөйүшүнө каршы жарандарды эмдөө программасын баштады.

Согуш уланып жаткан коңшу Суданда 12-августта холерадан улам эпидемия жарыяланып, ооругандардын саны 46 миңден ашты.

Судандагы согуштан улам Түштүк Суданга өткөндөрдүн саны болжол менен 880 миң экени болжолдонууда.



Тектеш кабарлар