ЮНИСЕФ : "Дүйнө буга үнсүз кала албайт"

Бириккен Улуттар Уюмунун  Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) аткаруучу директору Кэтрин Рассел Газада көптөгөн балдардын кан төгүүгө, ачкачылыкка, ооруга жана суукка дуушар болушуна дүйнөнүн кайдыгер карабашы керектигин айтты.

2220530
ЮНИСЕФ : "Дүйнө буга үнсүз кала албайт"

Бириккен Улуттар Уюмунун  Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) аткаруучу директору Кэтрин Рассел Газада көптөгөн балдардын кан төгүүгө, ачкачылыкка, ооруга жана суукка дуушар болушуна дүйнөнүн кайдыгер карабашы керектигин айтты.

Рассел Газадагы окуяларга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Кечээ Газанын борборундагы Нусейрат лагерине жасалган кол салууда 33 кишинин каза болгонун, 50 кишинин да жараланганын эске салган Рассел : «Бул акыркы зомбулук окуясы акыркы бир айда Газада каза болгон балдардын санын 160ка жеткирди.  Бул ноябрь айынын башынан бери күн сайын орто эсеп менен 4 бала каза болду дегенди билдирет",- деди.

Рассел Газадагы абалга балдардын себепкер болбогонун жана муну токтотууга күчү жок экендигин, бир тараптан да  эң оор бааны өмүрлөрү жана келечеги менен төлөгөндөрүн айтты.

Газада акыркы 14 айда 14 миң 500дөн ашуун баланын каза болгонуна көңүл бурган Рассел 1,1 миллион баланын дээрлик бардыгынын чукул коргоо жана психикалык жактан колдоого муктаж экендигин баса белгиледи.

Газанын түндүгүндө ачарчылык коркунучунун уланып жаткандыгын жана гуманитардык жардамга жетүүнүн чектелгенине көңүл бурган Рассел, алдын ала турган оорулардын тездик менен жайылып баратканына көңүлдөрдү бурду.

"Ушунча көп бала күн сайын ачкачылыкка, ооруларга жана суукка дуушар болуп жатканда дүйнө буга үнсүз кала албайт",- деди  Рассел.



Тектеш кабарлар