G7 лидерлеринин видеоконференциясы болду
АКШ, Германия, Франция, Англия, Италия, Канада жана Япониядан турган G7 өлкөлөрүнүн лидерлери видеоконференцияда эл аралык күн тартибиндеги кризистерди талкуулашты.
АКШ, Германия, Франция, Англия, Италия, Канада жана Япониядан турган G7 өлкөлөрүнүн лидерлери видеоконференцияда эл аралык күн тартибиндеги кризистерди талкуулашты.
Италиянын премьер-министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : "Чоң жетиликтин лидерлери Орусиянын ырайымсыз баскынчылыгын дагы бир жолу айыпташты жана украин элинин эркиндик, эгемендүүлүк жана көз карандысыздык үчүн күрөшүн колдоо ниетин ырасташты. Ошондой эле Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы аскердик кызматташтыктын артышын айыпташты. Москванын согуш аракеттерин колдогон актерлорго санкция киргизүүгө чечкиндүү экендиктерин билдиришти",- деп айтылды.
Жакынкы Чыгыштагы окуяларга баа берген лидерлер Сириядагы абалды талкуулап, Асад режиминин акырына чыгышынын кенен камтуучу бир саясий процесстин аныкталышы менен ишке ашарынан, тынчтыкчыл жана ирээттүү өтүүнүн башталышы болушун ойлошууда.
G7 лидерлеринин Ливандагы ок атышпоо келишимине сый көрсөтүлүшүнүн, тынчтыкка карата маанилүү кадам экендиги баса белгиленген билдирүүдө : «G7 лидерлери, Газадагы барымтадагылардын бошотулушун жана гуманитардык жардамдын көбөйүшүн камтыган, АКШ жетектеген ок атышпоо планын колдой тургандыктарын кайталашты. Бул пландын кризисти акырына чыгаруу жана эки мамлекеттүү чечүүчү жолду камсыз кылууну максат кылышканын билдиришти",- деген аныктамага орун берилди.
Венесуэладагы кырдаалды да талкуулаган лидерлер уланып жаткан адам укуктарынын бузулушун айыпташты.
Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони 2025-жылга чейин G7нин кезектешкен башкаруучулугун аткара турган Канаданын премьер-министри Жастин Трюдого G7нин кезектешкен башкаруучулугун өткөрүп берди.
Тектеш кабарлар
Масктын нацисттик саламга окшоштурулган кыймылы
Маск Вашингтондогу Capital One Arena спорт залында өткөн иш-чарада сөз сүйлөдү.
Израиль Батыш Шериада кеңири масштабдуу чабуулга даярданууда
Халеви, Израиль армиясынын чоң операцияларга даяр болушу керектигин айтты.