Дональ Трамп жайкы убакытты жоюуга чакырды
АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармактагы аккаунтунан жайкы убакытка байланыштуу билдирүү жасады.
Америка Кошмо Штаттарынын шайланган президенти Дональд Трамп Республикачыл партиянын АКШда жайкы убакытты токтотуу үчүн чараларды көрүүгө чакырды.
Дональд Трамп Truth Social социалдык тармактагы аккаунтунан жайкы убакытка байланыштуу билдирүү жасады.
Трамп АКШда ишке ашырылган жайкы убакыттын өлкөгө көп чыгым жана ыңгайсыздыктарды жаратарын жактап : "Республикачыл партия кичинекей, бирок күчтүү жактоочу базасына ээ бирок ишке ашырылбашы керек болгон жайкы убакытты жоюу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт",- деди.
АКШда кээ бир республикачыл сенаторлор көптөн бери жайкы убакытты жоюу үчүн Конгресске чакыруу салып жаткан.
АКШда жайкы убакыт үстүбүздөгү жылдын 10-мартында башталган жана 2024-жылдын 3-ноябрында сааттын бир саат артка кетиши менен аяктады.
АКШда Биринчи дүйнөлүк согуштан бери (1914-18) ар кандай жолдор менен ишке ашырылып келе жаткан жайкы убакыт 1966-жылы кабыл алынган федералдык мыйзам менен өлкө боюнча ишке ашырыла баштаган.