БУУнун Коопсуздук Кеңеши Еш - Шебабга карата санкция мөөнөтүн узартты
15 мүчөлүү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкцияларынын узартылышына байланыштуу Улуу Британия тарабынан сунушталган резолюция долбоору бир добуштан кабыл алынды.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши 2025-жылдын 28-февралына чейин террордук уюм Еш-Шебабга каршы санкцияларды узартты.
15 мүчөлүү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкцияларынын узартылышына байланыштуу Улуу Британия тарабынан сунушталган резолюция долбоору бир добуштан кабыл алынды.
Чечимде мыйзамсыз курал импортуна карата эмбаргонун ишке ашырылышын камсыз кылуу, көмүр экспортуна тыюу салуу жана колдо жасалган жарылуучу заттардын компоненттерине карата тыюу салууну ишке ашыруу максатында деңизден кийлигишүү жоопкерчилиги 2025-жылдын 28-февралына чейин жаңыртылды.
Бир тараптан террордук уюм Еш - Шебабга карата курал эмбаргосу чаралары, саякатка чыгууга тыюу салуу жана мүлктөрүн тоңдуруу чаралары да күчүндө.
Еш - Шебаб 2007-жылдан бери Сомали өкмөтү жана Африка биримдиги күчтөрүнө каршы кол салып, шаарларда жана айыл жерлеринде тез-тез террордук кол салууларды ишке ашырууда.
Еш - Шебаб 2010-жылдын 12-апрелинде БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкция тизмесине киргизилген.
2024-жылы январь айында Сомалиге шашылыш конгон БУУнун тик учагы террордук уюм Еш - Шебабдын мүчөлөрү тарабынан кармалган.
Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд кызматка киришкен 2022-жылдан бери Еш - Шебабга каршы күрөштү тездеткен.