Түштүк Кореяда нааразылык акциялары уланууда

Демонстранттар Юндун кызматтан алынышын талап кылып, улуттук парламенттин алдына чогулушту.

2220366
Түштүк Кореяда нааразылык акциялары уланууда

Түштүк Кореяда 3-декабрда аскердик абал жарыялаган президент Юн Сек Ёлдун кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акциялары уланууда.

Демонстранттар Юндун кызматтан алынышын талап кылып, улуттук парламенттин алдына чогулушту.

Юн оппозициянын мамлекетке каршы иш-аракеттерди жасаганы себептүү согуш абалын жарыялаганын жактаган, бирок парламенттеги добуш берүүдө аскердик абал жокко чыгарылган.

Мамлекетке чыккынчылык кылган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айыптар эске алынып Юнга чет өлкөгө чыгууга тыюу салынган.

10-декабрда парламент Юн баш болгон сегиз кишинин камакка алынышын көздөгөн мыйзам долбоорун кабыл алган.



Тектеш кабарлар