Россия Украинанын энергетикалык инфраструктурасына чабуул жасады
Бул тууралуу коргоо министрлиги маалымат берди.
Россия Украинанын отун - энергетикалык инфраструктурасына чабуул жасады.
Россиянын коргоо министрлиги, Америкада жасалган алыс аралыкка учуучу Кургактык Тактикалык Ракета Системалары (АТАСМС) ракеталары менен Украинанын аймагына жасалган кол салууларына жооп катары Украинанын отун-энергетикалык инфраструктурасына катуу кол салууларды жасаганын билдирди.
Билдирүүдө Украинанын кечээ Таганрог шаарындагы аскердик аэропортуна ATACMS ракеталары менен кол салганы эске салынды.
«Буга жооп катары Россиянын куралдуу күчтөрү абадан жана деңизден алыс аралыкка атуучу жогорку тактыктагы курал-жарактарды жана учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен Украинанын аскердик өнөр жайынын иштешин камсыз кылган маанилүү отун-энергетикалык инфраструктурасына катуу чабуул жасалды. Кол салуу максатына жетти. Бардык буталар атылды",- деп айтылды.
Россиянын коргоо министрлиги кечээ Украина армиясынын Ростов аймагындагы аскердик аэропортуна Америкада жасалган 6 алыскы аралыкка учуучу АТАСМС ракетасы менен кол салганын, аэропортко тиешелүү 2 имарат, 3 аскердик унаа жана унаа токтотуучу жайдагы жарандык унаалардын жабыркаганын жарыялаган.
Министрлик өткөн айда да Украинанын Россиянын аймагы Брянск жана Курск облустарындагы элементтерге АТАСМС ракеталары менен кол салганын билдирген.
Тектеш кабарлар
Газага жардам фуралары кирүүнү улантууда
808 гуманитардык материалдарды ташыган унаалар кечээ Газа тилкесине кирди.