Россия Сириядагы убактылуу өкмөт менен байланышкандыгын билдирди

Михаил Богданов борбор шаар Москвада журналисттерге берген маалыматында Сириядагы акыркы абалдарга байланыштуу билдирүү жасады.

2220286
Россия Сириядагы  убактылуу өкмөт менен байланышкандыгын билдирди

Россиянын президенти Владимир Путиндин Жакынкы Чыгыш жана Африка боюнча атайын өкүлү, тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов Сирияда Баас режими кулатылгандан кийин түзүлгөн убактылуу башкаруу менен байланышкандарын билдирди.

Михаил Богданов борбор шаар Москвада журналисттерге берген маалыматында Сириядагы акыркы абалдарга байланыштуу билдирүү жасады.

Сирияда Баас режими кулатылгандан кийин жекшемби күнү түзүлгөн убактылуу башкаруу менен байланышкандарын белгилеген Богданов : «Борбор Дамаскта иштеген саясий комитет менен бир мейманканада жолугушуу болду. Алар  дипломатиялык миссиянын өкүлдөрү менен сүйлөшүүдө. Элчилигибиздин өкүлдөрү да алар менен жолугушту”, - деди.

Богданов жолугушууда биринчи кезекте Сириядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана орус жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу маселесинин каралганын белгиледи.

Байланыштардын конструктивдүү багытта жүрүп жатканын айткан Богданов берилген убадалардын аткарыларына болгон ишенимин бөлүштү.

Михаил Богданов Сириядагы орус аскердик базаларынын абалы тууралуу буларды айтты :"Базалар Сириянын аймагында. Азырынча бул маселе боюнча башка чечим чыгарыла элек. Бул базалар Сирия администрациясынын өтүнүчү менен ал жерге жайгаштырылды. Максатыбыз  террористтер жана ДЕАШка каршы күрөшүү эле. Баары террор менен жана  ДЕАШтын калдыктары менен күрөшүүнүн  бүтпөгөндүгү тууралуу бирдей пикирде. Бул орток аракеттер  бекемделиши керек".

Богданов ушунун негизинде  Сириянын Латакия аймагындагы Россиянын Хмеймим аба базасынын террор менен күрөшүүдө маанилүү роль ойногондугун жактады.

 

 



Тектеш кабарлар