Нусайрат качкындар лагеринде 33 киши каза болду

Израилдин аскердик учактары Нусайрат качкындар лагериндеги кээ бир үйлөрдү жана имараттарды бутага алды.

2220393
Нусайрат качкындар лагеринде  33 киши каза болду

Израиль армиясынын Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Нусайрат качкындар лагерине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 33кө жетти.

Израилдин аскердик учактары Нусайрат качкындар лагериндеги кээ бир үйлөрдү жана имараттарды бутага алды.

Кол салууларда көбү Шейх Али үй-бүлөсүнөн болгон 33 палестиналык каза болду.  Көпчүлүгү аялдар, балдар жана кары-картаңдардан турган 84 киши жаракат алды.

Аймакта болгон чоң кыйроодон кийин тез жардам жана жарандык коргонуу топтору урандылардын астында дайынсыз жоголгон адамдарды издөө иштерин улантууда.

Алгачкы маалыматтарга караганда Израиль армиясынын Нусайрат качкындар лагерине кечинде жасаган кол салууларында көбү аялдар жана балдар болгон 21 палестиналыктын каза болгону, көп сандаган кишинин жараланганы маалымдалды.

Газа өкмөтүнүн басма сөз кеңсесинен берилген маалыматта Израиль армиясы бутага алган имараттарда жарандардын, балдардын, аялдардын жана мурда үйлөрүнөн зордук менен чыгарылган адамдардын жашаганын билгени белгиленди.

Билдирүүдө, Израил, Америка Кошмо Штаттары администрациясы жана «геноцидге» өнөктөш болгон өлкөлөр Газадагы «этникалык тазалоо согушунун» улантылышынан жооптуу деп табылды.



Тектеш кабарлар