Израилдин аба күчтөрүнүн Ирандын өзөктүк объектилерине кол салууга даярданып жаткандыгы билдирилди
Кабарда аты аталбаган аскердик жетекчилердин Жакынкы Чыгыштагы окуялар тууралуу басма сөзгө маалымат бергени белгиленди.
Израилдин маалымат каражаттары Израилдин аба күчтөрүнүн Ирандын өзөктүк объектилерине кол салууга даярданып жаткандыгын ырасташты.
Кабарда аты аталбаган аскердик жетекчилердин Жакынкы Чыгыштагы окуялар тууралуу басма сөзгө маалымат бергени белгиленди.
Кабарга караганда, жетекчилер аба күчтөрүнүн Ирандын өзөктүк объектилерине чабуул жасоого даярданып жатканын билдирген.
Жакынкы Чыгыштагы окуяларга көңүл бурган жетекчилер Израилдин жекшемби күнү Башар Асад бийликтен кулатылгандан кийин Сириянын абадан коргонуу системаларынын көпчүлүгүн «таасирсиз абалга келтиргенин» жана Хизбуллахтын "алсыздангандыгын" ырасташты.
Жетекчилер "Хизбуллахтын алсыздануусу жана Сириянын абадан коргонуу системаларынын көпчүлүгүнүн таасирсиз абалга келтирилишинин" Израиль армиясынын Ирандын өзөктүк объектилерине чабуул коюу үчүн мүмкүнчүлүк деп эсептейт.
Кабарда Израилдин Ирандын өзөктүк объектилерине карата ыктымалдуу чабуулунун качан пландалганы тууралуу маалымат берилген жок.
Айтылгандарга караганда Израиль башкаруусунан бул дооматтарга байланыштуу расмий билдирүү жасалган жок.