Газада каза болгондордун саны 44 миң 875ке жетти

Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газа тилкесинин ар кайсы жерлериндеги «3 кыргынында» 40 кишинин каза болгону, 98 кишинин жараланганы белгиленди.

2220350
Газада каза болгондордун саны 44 миң 875ке жетти

Израиль армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 44 миң 875ке жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газага 434 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газа тилкесинин ар кайсы жерлериндеги «3 кыргынында» 40 кишинин каза болгону, 98 кишинин жараланганы белгиленди.

Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине карай кол салууларында каза болгондордун саны 44 миң 875ке, жаралуулардын саны 106 миң 454кө жеткени кабарланды.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле өлүктөрдүн бар экени, бирок израилдик күчтөрдүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн бул сөөктөргө жете албаганы кайталанды.



Тектеш кабарлар