Трамп ант берүү аземине Си Цзиньпинди чакырды
Чакыруу тууралуу кабар, Трамптын Кытай товарларына бажы салыгын жогорулатуу коркутуусунан бир нече күн өткөндөн кийин жарыяланды.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) шайланган президенти Дональд Трамп президенттик кызматка кирише турган 2025-жылдын 20-январындагы ант берүү аземине Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди чакырды.
Чакыруу тууралуу кабар, Трамптын Кытай товарларына бажы салыгын жогорулатуу коркутуусунан бир нече күн өткөндөн кийин жарыяланды.
Кытайдын TikTok социалдык медиа платформасынын сатуусун же тыюу салууну талап кылган мыйзам 2025-жылдын 19-январында күчүнө кире турганына карабастан Трамптын көптөгөн аймактык жана эл аралык маселелерде чыр-чатактары бар кытайлык кесиптеши Цзиньпинди инаугурация аземине чакырышы көңүлдөрдү бурду.
Цзиньпин Трамптын чакыруусун кабыл алдыбы же жокпу азырынча эч кандай билдирүү жок.
Тектеш кабарлар
ДССУдан чукул жардам чакырыгы
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, глобалдык чакырууга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.