Россиянын коргоо министрлиги Новоивановка конушунун кайра алынгандыгын билдирди

Министрликтен берилген маалыматта орус армиясынын Курск облусундагы иш - аракеттерине байланыштуу маалымат берилди.

2219966
Россиянын коргоо министрлиги  Новоивановка конушунун кайра алынгандыгын билдирди

Россиянын коргоо министрлиги Украина бөлүктөрүнүн август айынын башында кирген Курск облусунда Новоивановка конушунун кайра алынгандыгын билдирди. 

Министрликтен берилген маалыматта орус армиясынын Курск облусундагы иш - аракеттерине байланыштуу маалымат берилди. 

Аймакта Россия жана Украинанын аскердик бөлүктөрүнүн кагылышуусу улантылып жаткандыгы белгиленген маалыматта : "Түндүк аскердик топтун  бөлүктөрү кол салуулар менен аймактагы Новоивановка конушун куткарды",- деп айтылды. 

Билдирүүдө Украина армиясынын  6 -  августтан бери Курск багытында  болжол менен  40 миңден ашуун аскерин, 236  танкын, 175 жөө аскердик унаасын, 123 БТР жана 1251 бронетранспортун жоготкондугу белгиленди.

Россиянын коргоо министрлиги кечээ Курск облусунда Дарьино жана Плёхово конуштарынын кайтарылып алынганын жарыялады.

Украина  аскерлери август айынын башында Россиянын Курск аймагына кирген.

 



Тектеш кабарлар