Мадуро 10-январда ант берет

Мамлекеттик телеканал VTVге маалымат берген Николас Мадуро тарапкерлерин бул датада көчөгө чыгууга чакырып, Венесуэланын чоң өзгөрүү процессине кире турганын айтты.

2219806
Мадуро 10-январда ант берет

Венесуэланын президенти Николас Мадуро 2025-жылдын 10-январында ант берерин жарыялады.

Мамлекеттик телеканал VTVге маалымат берген Николас Мадуро тарапкерлерин бул датада көчөгө чыгууга чакырып, Венесуэланын чоң өзгөрүү процессине кире турганын айтты.

Мадуро ошондой эле олигархия менен империализмге каршы биримдикке чакырды.

Испанияда жүргөн оппозиция лидери Эдмундо Гонсалеске шилтеме кылып жарандык согушту тутанткан деп айыптаган Мадуро, Венесуэланы урматтоо керектигин баса белгиледи.

Николас Мадуро июлда өткөрүлгөн президенттик шайлоодо 51,20 пайыздык добуш менен үчүнчү жолу жеңишке жеткен.

Оппозициялык коалициянын талапкери Гонсалес жана оппозиция лидери Мария Корина Мачадо шайлоонун жыйынтыгын четке кагышкан.

Гонсалес камакка алуу ордери чыгарылгандан кийин жубайы менен бирге 8-сентябрда Испаниянын аба күчтөрүнө таандык учак менен Каракастан Испаниянын борбору Мадридге жөнөп кеткен.



Тектеш кабарлар