Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат

Израилдин кол салууларында 37 киши каза болуп, кеминде 30 киши жараланды.

2219749
Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат

Газа тилкесинин ар кайсы жерлеринде гуманитардык жардам коопсуздук кызматкерлери менен кээ бир үйлөрдү бутага алган Израилдин кол салууларында 37 киши каза болуп, кеминде 30 киши жараланды.

Израиль армиясынын Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах жана Хан Юнус шаарларынын батышында гуманитардык жүк ташуучу унаалардын коопсуздугун камсыздагандарды бутага алган кол салуусунда 15 киши каза болуп, 30га жакын киши жаракат алды.

Израилдин согуштук учактары, Нусайрат качкындар лагеринин батышында Хаббаш үй-бүлөсүнөн жер которгон кишилер жашаган Эл-Лавх үй-бүлөсүнүн үйүн бутага алган кол салууда болсо 15 палестиналык көз жумуп, көп сандаган киши да жараланды.

Израиль Рафах шаарындагы Бахр көчөсүндө жана Мевасидеги Наср кесилишинде эки башка кол салуу жасады. Кол салууларда каза болгондор жана жаракат алгандар ооруканаларга жеткирилди.

Израиль армиясынын Газанын Села көчөсүндөгү бир турак үйдүн үстүнкү кабаттарына жасаган кол салуусунда болсо 7 палестиналык көз жумуп, арасында балдар да болгон көптөгөн палестиналык жараланды.



Тектеш кабарлар