Грузияда демонстрациялар уланууда
Миңдеген адамдар, камакка алынгандардын бошотулушун талап кылып, өкмөттүн чечимине каршылык көрсөтүшүүдө.
Грузияда өкмөттүн Европа Биримдигине (ЕБ) кошулуу сүйлөшүүлөрүн 2028-жылга чейин токтотуу чечимине каршы борбор шаар Тбилисиде эки аптадан бери уланып жаткан нааразылык акцияларында парламенттик шайлоонун жаңыланышы талап кылынууда.
Миңдеген адамдар, камакка алынгандардын бошотулушун талап кылып, өкмөттүн чечимине каршылык көрсөтүшүүдө.
Демонстранттар 26-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип, жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырышууда.
Өлкөдөгү нааразылык акциялары, Европарламенттин шайлоону жаңыртуу чакырыгынан кийин күчөгөн.
Премьер-министр Ираклий Кобахидзе айрым европалык саясатчылардын Грузиянын ички иштерине кийлигишип жатканын айтып, Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин күн тартибине киргизбей тургандарын жарыялаган.
Тектеш кабарлар
БАЭ Бейруттагы элчилигин кайра ачууга даярданууда
Бейрут элчилигинин кайрадан ачылышына даярдыктын алкагында Ливанга делегация жиберилгени кабарланды.