ПКК/ЙПГ Израилден жардам сурады
Jerusalem Post гезитинде орун алган кабарда Асаддын кулашынан кийин ПКК/ЙПГ террористтеринин Израилге кайрылгандыгы, жардам жана коргоо талап кылгандыгы маалымдалды.
2219340
Сирияда Баас режиминин лидери Башар Асаддын кулашынан кийин жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Израилден жардам сурагандыгы билдирилди.
Jerusalem Post гезитинде орун алган кабарда Асаддын кулашынан кийин ПКК/ЙПГ террористтеринин Израилге кайрылгандыгы, жардам жана коргоо талап кылгандыгы маалымдалды.
Кабарда бул талаптын кандай жол менен жасалганы же Израилдин жообунун эмне болгонуна байланыштуу кенен маалымат берилген жок.
Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар кечээ берген маалыматында Сирия Улуттук Армиясынын Манбижде жүргүзгөн операциядан тынчсыздангандыгын айткан.
Саар ПКК/ЙПГ террордук уюмуна карата операциялардын токтотулушун суранган.
Сирияда жекшемби күнү 61 жылдык Баас режими кулап, кулаган лидер Башар Асад өлкөсүнөн качып кетти.