Израилдин Газага кол салуулары тыйыла элек

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларынан болжол менен 17 миң 492 бала жана 11 миң 979 аял болгон 44 миң 758 палестиналык каза болуп, 106 миң 134 палестиналык жараланды.

2218966
Израилдин Газага кол салуулары тыйыла элек

Израилдин Газанын түндүгүндөгү Бейт Ханунга абадан кол салуусунан уруулаш эки үй-бүлөдөн 25 киши каза болду.

Үй-бүлөнүн жакындарынан Абдуррахман Келхут : «Израиль армиясы Келхут үй-бүлөсүнөн эки үй-бүлө баш калкалаган үйгө сокку урду жана үй-бүлөлөрдү толугу менен жок кылды»,-деди.

Израилдин кол салууларынан улам Жибалия баш калкалоочулар лагеринен Бейт Ханунга көчүүгө мажбур болгон үй-бүлөлөрдөн 25 кишинин кол салууда каза болгондугу белгиленди.

Бейт Ханун шаарына Израилдин башка абадан соккуларынан 15 палестиналык каза болду.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларынан болжол менен 17 миң 492 бала жана 11 миң 979 аял болгон 44 миң 758 палестиналык каза болуп, 106 миң 134 палестиналык жараланды.

Урандылардын астында дагы эле миңдеген набыт болгону билдирилсе, адамдар баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.

2023-жылдын 7-октябрынан бери басып алынган Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста палестиналыктарды камоолор, тинтүүлөр жана кол салуулар көбөйдү.

Кармалган палестиналыктардын санынын 11 миң 900дөн ашканы белгиленди.

Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмуна караштуу туткундар жана Боштондукка чыккандар делегациясы менен Палестина туткундары коомунун билдирүүсүндө, басып алынган Батыш Шерианын түштүгүндөгү Эцион түрмөсүндө кармалган 9 палестиналыктын ууландырылганы айтылды.

Билдирүүдө палестиналык туткундардын тамак-аштан ууланганы жана бул Эцион түрмөсүндөгү биринчи уулануу эместиги белгиленди.



Тектеш кабарлар