Италиялык министр Түркиянын Сириядагы абалды көзөмөлдөөдө маанилүү экенин айтты
Италиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Антонио Таяни Италиянын Rai 1 каналында эл аралык күн тартиби тууралуу баа берди.
Италиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Антонио Таяни Түркиянын Сириядагы абалды көзөмөлдөөдө маанилүү шериктеш экенин айтты.
Антонио Таяни Италиянын Rai 1 каналында эл аралык күн тартиби тууралуу баа берди.
Сирия маселесине кылдаттык менен мамиле кылгандарын белгилеген Таяни : «Сириядагы абал боюнча оптимисттик көз караштамын, абалдын туура багытта бара ала турганына ишенем, бирок этият болушубуз керек»,-деди.
Таяни түрк кесиптеши Хакан Фидан менен Сириядагы христиан азчылыктарын коргоо темасы менен бирге узакка созулган жолугушуу өткөргөнүн эске салып: «Түркия Сириядагы абалды көзөмөлдөө үчүн маанилүү бир шериктеш»,-деп айтты.
Хаят Тахрир аш-Шамдын (ХТШ) лидери Ахмед аш-Шарага (Абу Мухаммад аль-Жулани) да токтолгон италиялык министр: «Ал дүйнөдө кадыр-барк алууну каалайт, анын бул жүрүм-турумдарын конкреттүү кадамдар ээрчийби, көрөлү. Биз кырдаалга мүнөт сайын көз салып турабыз, анткени Сириянын туруктуулугу Жакынкы Чыгыштын туруктуулугу үчүн маанилүү»,- деди.
Министр Таяни Сирияда италиялыктар үчүн эч кандай көйгөй жок экенин, 300гө жакын адамдын бир бөлүгү Ливанга чыгып кеткенин, бирок кээ бирлеринин үй-бүлөсүндө сириялыктар болгондугу үчүн калууну каалагандарын, алардын ар биринин абалына инистрликтеги кризистик бөлүм аркылуу көз салышканын белгиледи.
Сирияда 27-ноябрда режим күчтөрү менен ага каршы куралдуу топтордун ортосунда кагылышуу күчөгөн.
7-декабрда борбор шаар Дамаскка кире баштаган куралдуу топторду калың элдин колдоосу менен борбор шаар Дамаск жана башка көптөгөн аймактарда Асад башкарууну толугу менен жоготуп, кулады.
Баас партиясынын 61 жылдык башкаруусу жекшембиде аяктаганда режимдин лидери Башар Асад борбордон качып кетти.