Ганада президенттик шайлоодо Махама утуп чыкты
Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрагасы Жан Менса маалымат жыйынында 276 шайлоо округунун 267синде добуштарды саноо процессинин аяктагандыгын билдирди.
Батыш Африка өлкөлөрүнүн бири Ганада 7-декабрда өткөн президенттик шайлоодо негизги оппозициялык партия – Улуттук демократиялык конгресстин (NDC) талапкери Жон Драмани Махама утуп чыкты.
Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрагасы Жан Менса маалымат жыйынында 276 шайлоо округунун 267синде добуштарды саноо процессинин аяктагандыгын билдирди.
Махаманын 56,55 пайыз добуш алганын белгилеген Менса, башкаруудагы Улуттук патриоттук партиянын (НПП) талапкери азыркы вице-президент Махамуду Бавумиянын 41,61 пайыз добуш алганын белгиледи.
Менса Жон Драмани Махаманы өлкөнүн жаңы президенти деп жарыялады.
Экинчи жолу президент болуп шайланган 66 жаштагы Махама 2008-2012-жылдар аралыгында вице-президент болуп шайланган.
Махама мезгилдин президенти Жон Эванс Атта Миллс 2009 - жылы каза болгондон кийин президенттик кызматты аткарды.
2012-жылы болгон шайлоодо утуп чыгып кайра президент болуп шайланган Махама 2016 жана 2020-жылдагы шайлоодо азыркы президент Нана Акуфо-Аддо менен атаандашып, бирок эки шайлоодо тең утулуп калган.
Болжол менен 34,4 миллион калкы жана 18,7 миллион шайлоочусу бар Ганада президенттикке 12 талапкер ат салышты.