Филиппинде Канлаон жанар тоосу жарылып эвакуациялоо процесси башталды

Филиппиндин Жарандык коргонуу кеңсесинен жасалган билдирүүдө Негрос аралындагы Канлаон жанар тоосунун жарылышынан кийин адам өмүрү кыйылбаганы белгиленди.

2219080
Филиппинде Канлаон жанар тоосу жарылып эвакуациялоо процесси башталды

Филиппиндеги Канлаон жанар тоосунун жарылышынан кийин болжол менен 87 миң адамды эвакуациялоо процесси башталды.

Филиппиндин Жарандык коргонуу кеңсесинен жасалган билдирүүдө Негрос аралындагы Канлаон жанар тоосунун жарылышынан кийин адам өмүрү кыйылбаганы белгиленди.

Билдирүүдө, жанар тоонун батыш жана түштүк капталдарына эң жакын аймактарда жайгашкан шаар жана айылдарда чукул массалык эвакуация иштеринин жүргүзүлгөнү айтылды.

Билдирүүдө жанар тоонун айланасындагы 6 километрлик «коркунучтуу аймактан» болжол менен 47 миң кишинин эвакуацияланганы билдирилип, эвакуация процессинин болжол менен 87 миң кишини камтый тургандыгы тууралуу маалымат берилди.

Филиппиндин президенти  Фердинанд Маркос Жр журналисттерге берген маалыматында  6 километрлик кооптуу аймактын тышына эвакуацияланган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Филиппин вулканология жана сейсмология институту кечээ Канлаон жанар тоосу жарылып, 3 миң метр бийиктикке сапырганнын жарыялады.

Канлаон жанар тоосу июнь айында активдешти. Вулкан 6 мүнөттөй атылып, 5 миң метр бийиктикке жеткен түтүн пайда болгон.



Тектеш кабарлар