АКШнын Сирия боюнча билдирүүсү
ABC каналында көрсөтүлгөн «Good Morning America» программасына кошулган Жейк Салливан Сириядагы акыркы окуяларга баа берди.
АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан: «Сирияда туруктуу, камтыган жана демократиялык келечекти каалагандар менен иштешүүгө даярбыз»,-деди.
ABC каналында көрсөтүлгөн «Good Morning America» программасына кошулган Жейк Салливан Сириядагы акыркы окуяларга баа берди.
Салливан Сирияда Башар Асад режиминин соңуна чыгып, Иран менен Орусиянын аймактагы «алсызданышынан» ыраазы экендиктерин белгилеп: «Асад жүз миңдеген адамдын өлтүрүлүшүнөн, диндердин жана этникалык азчылыктардын кысымынан жооптуу болгон»,деген серебин салды.
Салливан:«Натыйжада Асад иш жүзүндө колдоосуз, жалгыз жана коргонуусуз калып, качып кетүүгө аргасыз болду. Ал жасаган иштери үчүн жооп береби? Бул көбүнесе Орусия канкор диктаторго эмне үчүн башпаанек бергенинен көз каранды», - деп өз баасын берди.
Жаңы процессте келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге карата сергек экендиктерин белгилеген Салливан, Американын Сириядагы кызыкчылыктарын коркунучка сала турган элементтерге жана ДЕАШтын жандануусуна бөгөт коюу үчүн сак экендерин баса белгиледи.
Жейк Салливан АКШнын Сирияда мындан ары эмне болору тууралуу позициясына байланыштуу: «Сирияда туруктуу, камтыган жана демократиялуу келечекти каалагандар менен иштешүүгө даярбыз»,-деди.
Сирияда 27-ноябрда режим күчтөрү менен ага каршы куралдуу топтордун ортосунда кагылышуу күчөгөн.
7-декабрда борбор шаар Дамаскка кире баштаган куралдуу топторго калың элдин колдоосу менен борбор шаар Дамаск жана башка көптөгөн аймактарда Асад башкарууну толугу менен жоготуп, кулады.
Баас партиясынын 61 жылдык башкаруусу жекшембиде аяктаганда режимдин лидери Башар Асад борбордон качып кетти.
Тектеш кабарлар
ДССУдан чукул жардам чакырыгы
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, глобалдык чакырууга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.