СУА Манбижди ПКК/ЙПГден куткарды
Операциянын алкагында СУА Манбиждин батышындагы Урайме шаарчасын жана түндүгүндөгү Ум Дадат айылын террордон тазалап, районго түндүк жана батыш сызыктарынан кирип, районду көзөмөлгө алды.
Сириянын улуттук армиясы (СУА) АКШ колдогон жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын басып алуусунда болгон Манбиж районун бошотту.
Операциянын алкагында СУА Манбиждин батышындагы Урайме шаарчасын жана түндүгүндөгү Ум Дадат айылын террордон тазалап, районго түндүк жана батыш сызыктарынан кирип, районду көзөмөлгө алды.
Ошентип, аскердик каршылаштар Евфрат дарыясынын батышындагы эң чоң террордук уяны талкалап, аймакты сактап калышты.
Райондо миналарга жана капкандарга каршы издөө жана текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бул тууралуу Сириянын убактылуу өкмөтүнүн төрагасы Абдурахман Мустафа Х социалдык медиадагы эсебинен билдирди.
Мустафа Сирия жерлерин бошотууну аяктоого, элдин эркиндикке жана ар-намыска болгон эңсөөсүн ишке ашырууга чакырды.
1-декабрда башталган операциянын биринчи күнүндө Тел Рыфат районунун борбору жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГден бошотулду.
ПКК/ЙПГ 2016-жылдын май-август айларында АКШнын колдоосу менен баштаган кол салуусунун натыйжасында Манбиж районун басып алган.
АКШ Түркияга ПКК/ЙПГ мүчөлөрү террордук уюм ДЕАШтан тазалангандан кийин районду таштап кетээрин убада кылган, бирок аны аткарган жок.
Орусия да 2019-жылдын октябрь айында «Тынчтык булагы» операциясында Түркия менен жетишилген келишим менен террордук уюмду Манбижден чыгарууну убада кылып, террористтердин кеткенин жарыялады, бирок уюм кетпеди.
ПКК/ЙПГнын Сирия-Ирак чек арасынан башталып, Сириянын батышында Жер Ортолук деңизге жете турган террор коридорун ачуу планында Манбиж аймагы борбордук мааниге ээ болду.
Түркия 2016-жылдын август айында «Евфрат калканы» операциясы менен Африн-Тел Рыфат менен Манбиждин ортосунда түз байланыш түзүүгө даярдыктарга сокку урган.