Салливан Израилге барат
Салливандын израилдик жетекчилери менен жолугушуусунда, Сириядагы акыркы абал жана Ливанда 27-ноябрда жетишилген ок атышпоо тууралуу сүйлөшөрү белгиленди.
2218693
АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Сирия жана Ливан маселесин талкуулоо үчүн Израилге барат.
Жергиликтүү маалымат каражаттары, Салливандын 11-декабрда Израилге барып премьер-министр Биньямин Нетаньяху жана коргоо министри Иcраэл Катц менен жолугушарын кабарлашты.
Салливандын израилдик жетекчилер менен жолугушуусунда, Сириядагы акыркы абал жана Ливанда 27-ноябрда жетишилген ок атышпоо тууралуу сүйлөшөрү белгиленди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Израиль менен Хамастын ортосундагы туткун алмашуу сүйлөшүүлөрүнүн да талкуулана турганы маалымдалды.
Тектеш кабарлар
Трамп чет элдик булактардан алынган кирешелерди чогултуу үчүн агенттик түзөт
Дональд Трамп Truth Social социалдык медиа эсебинен бул тууралуу маалымат берди.