Песков Башар Асад жана анын үй-бүлөсүнө башпаанек чечиминин Путинге таандык экенин айтты

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков борбор шаар Москвада журналисттер менен Сириядагы акыркы абалга баа берди.

2218739
Песков Башар Асад жана анын үй-бүлөсүнө башпаанек чечиминин Путинге таандык экенин айтты

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков Сирияда кулаган Баас режиминин кулатылган лидери Башар Асад жана анын үй-бүлөсүнө башпаанек чечиминин Орусиянын президенти Владимир Путинге таандык экенин айтты.

Дмитрий Песков борбор шаар Москвада журналисттер менен Сириядагы акыркы абалга баа берди.

Орусиянын Асад жана үй-бүлөсүнө башпаанек берүү чечимине токтолгон Песков : «Мындай чечимдер президенттин уруксатысыз алынбайт, бул анын чечими»,-деди.

Путиндин Асад менен жолугушууну пландабаганын белгилеген Песков Асаддын кайда экени тууралуу маалымат берүүнү каалабады.

Орусиянын Сириядагы Хмеймим жана Тартус аскердик базаларынын абалына да токтолгон Песков : «Кандай болгон күндө да бул Сирияда бийликте тургандар менен кеңешилиши керек болгон маселе.Азыр өзгөрүү жана өтө туруксуздук мезгили уланууда. Ошондуктан, убакыт жана олуттуу кеңешүүлөр керек»,-деп айтты.

Орус басма сөз катчысы сөз болуп жаткан базалардын коопсуздугун камсыздоо үчүн керектүү кадамдардын ташталганын айтты.

Сирия маселесине байланыштуу Орусия, Түркия жана Иран тарабынан түзүлгөн Астана форматына баа берген Песков: «Бул формат өз максатын жоготту. Экинчи жагынан, ал сөз болуп жаткан өлкөлөр ортосундагы пикир алмашуу жана саясий консультациялар механизми катары ар дайым күчүндө. Тигил же бул консультациялар албетте уланат»,-деди.

Дмитрий Песков ошондой эле Сириядагы кырдаал боюнча Түркия жана башка регионалдык өлкөлөр менен карым-катнашта болуп жатканын айтты.



Тектеш кабарлар