Орусиядан Асадга башпаанек
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Сириядагы акыркы абалга баа берилди.
Орусия Сириянын бийликтен кулатылган лидери Башар Асаддын өлкөсүнөн чыгып кеткенин билдирсе, кээ бир булактар Асад жана анын үй-бүлөсүнүн Орусияда экенин жарыялашты.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Сириядагы акыркы абалга баа берилди.
Сириядагы абалдын "трагедиялуу жана тынчсыздандыруучу" экени маалымдалган билдирүүдө, Асад менен куралдуу кагылышууга катышкан күчтөрдүн ортосунда сүйлөшүүлөр болгону айтылды.
Билдирүүдө: «Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Асад, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү тапшырмасын берип, кызматтан кетүүнү чечти жана өлкөдөн чыгып кетти. Орусия бул сүйлөшүүлөргө катышкан жок»,-деп кабарланды.
Ал эми Орус кабар агенттиги ТАССтын маалыматына караганда, башпаанек сураган Асад жана үй-бүлөсү борбор шаар Москвага барды.
Асад жана үй-бүлөсүнүн Москвада экени айтылган кабарда, башпаанек укугунун гуманитардык негизде берилгенине басым жасалды.
Сирияда 27-ноябрда режим күчтөрү менен ага каршы куралдуу топтордун ортосунда кагылышуу күчөгөн.
7-декабрда борбор шаар Дамаскка кире баштаган топторго элдин колдоо көрсөтүшү менен режим бул жерде жана башка көптөгөн аймактарда көзөмөлүн жоготкон.
Кечээ да Баас партиясынын өлкөдөгү 61 жылдык башкаруусу кулатылган.
Тектеш кабарлар
Орусия Google компаниясына 8 миллиард рубль айып салды
Google компаниясына каршы козголгон доо борбор Москвада каралды.