Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдигинин баш катчысы Саллаби Эрдоганды мактады
Саллаби билдирүүсүндө: «Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Аллахтын түрк элине жана коргоосуз элдерге берекеси»,-деди.
Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдигинин баш катчысы Али Мухаммед эс-Саллаби, Сирияда 61 жылдык Баас режими кулатылгандан кийин жарыялаган билдирүүсүндө президент Режеп Таййип Эрдоганды да мактады.
Башкы катчы Саллаби «Дамаск» жана «Сирия боштондукка чыгууда» деген жазуусу менен социалдык медиа баракчасынан бөлүшкөн билдирүүсүндө, президент Эрдоган үчүн дуба кылып, мактоого толгон сөздөрдү айтты.
Саллаби билдирүүсүндө: «Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Аллахтын түрк элине жана коргоосуз элдерге берекеси»,-деди.
«Сирияда эркиндиктин нуру жаркыроодо, Аллахтан аларга коопсуздук, стабилдүүлүк, адилеттик жана бейпилдик алып келүүсүн тилейбиз»,- деген Саллаби, Сирия элинин биримдик жана тартип менен Сирияны эркиндикке чыгарганын айтты.
Саллаби ошондой эле: "Кылмышкер (Башар Асад) качып кетти жана анын режими кулады. Эркин сириялыктар Дамаскка кирип, жеңишин жарыялоодо" деп баа берди.