БУУнун Сирия тууралуу билдирүүсү
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Сирияда Баас режими кулатылгандан кийин жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
БУУнун баш катчысы Гутерриш : «14 жылдык ырайымсыз согуштан жана диктатордук режим жоюлгандан кийин Сирия эли стабилдүү жана тынч келечекти куруу үчүн тарыхый мүмкүнчүлүккө туш болууда»,- деди.
Антониу Гутерриш Сирияда Баас режими кулатылгандан кийин жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Сириянын келечегин сириялыктардын аныктоосу керектигин баса белгилеген Гутерриш БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр О.Педерсендин бул багытта колдоосун уланта турганын баса белгиледи.
Гутерриш: «14 жылдык ырайымсыз согуштан жана диктатордук режим жоюлгандан кийин Сирия эли стабилдүү жана тынч келечекти куруу үчүн тарыхый мүмкүнчүлүккө туш болууда», - деп өз баасын берди.
Тартиптүү саясий өткөөлдү камсыз кылуу үчүн «көп иш жасала турганына» көңүл бурган Гутерриш : «Ушул сезимтал учурда зомбулуктан качуу жана бардык сириялыктардын укуктарын басмырлоосуз коргоо боюнча тынчтык чакырыгымды дагы бир жолу кайталайм»,-деп айтты.
Гутерриш консулдук жана дипломатиялык мекемелер менен ал жерде иштеген кызматкерлердин эл аралык укуктун негизинде корголушу керектигин баса белгиледи.
Ынтымак, адилеттик, эркиндик жана гүлдөп-өсүү ар кимге жете турган өлкөнү куруу үчүн сириялыктарды колдой тургандарын белгилеген БУУнун баш катчысы бул Сирияда туруктуу тынчтыкка карай жол экенин баса белгиледи.
27-ноябрда Сирияда режим күчтөрү менен ага каршы куралдуу топтордун ортосунда кагылышуу башталган.
7-декабрда борбор шаар Дамаскка кире баштаган топторго эл массасынын колдоосу кошулганда режим бул жерде жана башка көптөгөн аймактарда толугу менен көзөмөлүн жоготуп, кулады.
Кечээ өлкөдө Баас партиясынын 61 жылдык башкаруусу соңуна чыгып, режим лидери Башар Асад баш калаадан качып кетти.