Блинкендин Сириядагы окуяларга байланыштуу билдирүүсү
Энтони Блинкен Сириядагы окуяларга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Башар Асад режиминин 2011-жылдан бери саясий процессти четке кагышы жана Иран менен Орусиянын колдоосуна таянышынын кыйроого алып келгенин билдирди.
Энтони Блинкен Сириядагы окуяларга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
14 жылдык кагылышуудан кийин Сирия калкынын эми үмүттөнүүгө себептери бар экенин айткан Блинкен, АКШнын сириялыктар тарабынан жүргүзүлгөн тынчтыкчыл өтүү процессин колдогонун кабарлады.
Блинкен: «Асад режиминин 2011-жылдан бери ишенимдүү саясий процессти четке кагышы жана Орусия менен Ирандын адамгерчиликсиз колдоосуна таянышы кыйроого алып келди»,-деп сереп салды.
Энтони Блинкен Асад режими жана колдоочуларынын жасаган кылмыштарынан улам жоопко тартылышы үчүн эл аралык аракеттерди колдой тургандарын маалымдап, бардык тараптарды адам укуктарын урматтоого, жарандарды жана эл аралык гуманитардык укукту коргоого чакырганын дагы бир жолу баса белгиледи.