Орусия-Украина окуялары

Орусиянын жаратылыш газ платформасына кол салуу болду, Орусия да Украинанын шаарларын бутага алды.

2218176
Орусия-Украина окуялары
zelenskiy-macron-trump.jpg
ukrayna.jpg

Крымдын жээгинде Орусиянын жаратылыш газ платформасына кол салуу болду.

Украин армиясына таандык капитансыз деңиз унаасы платформага камикадзе чабуулун жасады.

Анда жарылуу болуп, өрт чыкты. Платформа жараксыз болуп калды.

Орусия да Украинанын шаарларын бутага алды.

Запорожьедеги кол салууда 10 киши каза болуп, үчөө бала болгон 24 киши жараланды.

Көптөгөн үйлөр, ишканалар жана унаалар зыян тартты.

Орус аскерлери ракеталар менен Кривой Рогго да чабуул коюшту. Бири жаш бала үч адам каза болду. Көптөгөн имараттарга зыян келтирилди.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Украинага аскердик колдоосу уланууда.

АКШнын Коргоо министрлиги Украинага кошумча 988 миллион доллар аскерий жардам берерин жарыялады.

Аскердик жардамдын Орусиянын агрессиясына каршы Украинага керектүү материалдарды камсыздоону максат кылганы белгиленди.

Бир тараптан Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Украинанын президенти Владимир Зеленский жана АКШнын 47-президенти болуп шайланган Дональд Трамп Франциянын борбор шаары Парижде Орусия-Украина согушун талкуулашты.



Тектеш кабарлар