Газада каза болгондордун саны 44 миң 708ге жетти
Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине 429 күндөн берки кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Израиль армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине кол салууларынан каза болгондордун саны 44 миң 708ге жетти.
Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине 429 күндөн берки кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Израиль армиясынын Газа тилкесинин ар кайсы аймактарында акыркы 24 саатта жүргүзгөн «4 кыргынында» 44 кишинин каза болгону, 74 кишинин жараланганы белгиленди.
Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 44 миң 708ге, жаралуулардын саны 106 миң 50гө жеткени белгиленди.
Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы эле каза болгондордун бар экени, бирок израилдик күчтөрдүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн сөөктөргө жете албаганы да кайталанды.