Асаддын Дамасктан учак менен кеткени айтылууда

Асад режими борбор шаар Дамаскта көзөмөлүн жоготуп, режимге каршы топтор шаардын борборуна кире баштаганда Асаддын Дамасктан учак менен чыгып кеткени тууралуу айтымдар да күн тартибине чыкты.

2218181
Асаддын Дамасктан учак менен кеткени айтылууда

Сириянын борбор шаары Дамаскта режим көзөмөлүн жоготкондон кийин Башар Асаддын кайда экени дагы да чоң суроонун белгисине айланса, Дамаск менен Латакияга учкан учак социалдык медиада түрдүү айтымдарды жаратты.

Асад режими борбор шаар Дамаскта көзөмөлүн жоготуп, режимге каршы топтор шаардын борборуна кире баштаганда Асаддын Дамасктан учак менен чыгып кеткени тууралуу айтымдар да күн тартибине чыкты.

Акырында интернеттеги учактарды байкоочу сайттарда Дамаск аэропортунан учуп чыккандан кийин Хомстун батышында акыркы жолу көрүлгөн, бирок кийин жоголгон учактын Башар Асадды ташып баратканы айтылган.

Сөз болуп жаткан учактын 1600 фут бийиктикке түшүп, радардан көрүнбөй калганга чейин «өзгөчө кыймылдарды» жасаганы айтылды.



Тектеш кабарлар