8-декабрь Сирияда «Улуттук майрам» деп жарыяланды
Сирия оппозициясынын башкы уюму болгон Сирия оппозициячыл жана төңкөрүшчүл күчтөрүнүн улуттук коалициясы (СОТКУК) Баас режиминин кулашынан кийин билдирүү жасады.
Сирияда 61 жылдык Баас режими кулаган күн 8-декабрь «Улуттук майрам» деп жарыяланды.
Сирия оппозициясынын башкы уюму болгон Сирия оппозициячыл жана төңкөрүшчүл күчтөрүнүн улуттук коалициясы (СОТКУК) Баас режиминин кулашынан кийин билдирүү жасады.
Билдирүүдө: «Сирия элин Сирияны канкор (Башар) Асад режиминен азат кылганы үчүн куттуктайбыз. 8-декабрды «Улуттук майрам» деп жарыялайбыз. Бүгүн шейиттердин, курман болгондордун, камактагылардын, жер которгондордун жана эзилгендердин жеңиш күнү»,-деп айтылды.
Билдирүүдө СОТКУК бийликти толук ыйгарым укуктуу өткөөл башкарууга өткөрүп берүү процессин бүтүрүү үчүн ишин уланта турганы баса белгиленип, коалициянын жаңы Сириянын курулушу үчүн бардык өлкөлөр менен стратегиялык кызматташууга даяр экени белгиленди.
Сириянын түндүгүндөгү Халеп провинциясынын батышында 27-ноябрда Асад режиминин күчтөрү менен режимге каршы куралдуу топтордун ортосунда кагылышуу башталган.
Идлиб, Халеп, Хама, Хомс, Дараа жана Сувейда провинциялары оппозициячыл топтордун көзөмөлүнө алынды.
Асад режими 8-декабрдын таңында борбор шаар Дамаскты кыска убакыттын ичинде толугу менен көзөмөлүнөн чыгарды.
Сириянын улуттук армиясы тарабынан террордук уюм ПКК/ЙПГга карай 1-декабрда Халеп айыл аймагында башталган «Эркиндик таңы» операциясында Тел-Рыфат районунун борбору террордон тазаланган.
Сириянын улуттук армиясы Манбижде алга жылышын улантууда.