Украина Ф - 16ларды өткөрүп алды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Даниядан Ф-16 учактарынын экинчи партиясын алганын билдирди.

2218112
Украина  Ф  - 16ларды өткөрүп алды

Зеленский социалдык медиа эсебиндеги билдирүүсүндө Украинага  Ф-16 учактарынын бир бөлүгүнүн жеткирилгенин белгилеп: «Даниядан жөнөтүлгөн Ф-16 учактарынын экинчи партиясы учурда Украинада. Даниялыктар тарабынан берилген биринчи учактар азыртадан  орус  ракеталарын атып түшүрүп, элибизди жана инфраструктурабызды сактап калат. Эми аба калканыбыз дагы да бекемделди. Эгерде  бардык өнөктөштөрүбүз ушундай чечкиндүү болгондо, алар орус терроризмин токтотууда ийгиликтүү болмок",- деди. 

Зеленский Даниянын элине жана өкмөтүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Украинанын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын билдирүүсүндө, Россиянын Кривой Риг шаарына ракеталык чабуул жасаганы белгиленди.

Билдирүүдө кол салууда жарандык имараттын атылганы билдирилип, кол салууда 3 кишинин каза болгону, 17 кишинин жараланганы маалымдалган.



Тектеш кабарлар