Режим күчтөрү Эвфрат дарыясынын чыгышынан чегинди

Сирияда Башар Асад режиминин күчтөрү өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Хасеке провинциясынын борбору менен Камышлы районунда көзөмөлдөгөн аймактардан чыгып, бул жерлерди террордук уюм ПКК/ЙПГнын басып алуусуна калтырды.

2218077

Режим армиясы кечээ өлкөнүн чыгышындагы Ирак чек арасындагы Дейр эз-Зор аймагында жайгашкан күчтөрүнүн бир бөлүгүн чыгарып, провинциянын борборун террордук уюм ПКК/ЙПГге өткөрүп берген.

Сириянын түндүгүндөгү Халеп провинциясынын батышында 27-ноябрда Асад режиминин күчтөрү менен режимге каршы куралдуу топтордун ортосунда кагылышуу башталган.

Халептин борборунун көпчүлүк бөлүгүн режим күчтөрүнөн алган режимге каршы топтор Идлибдин бүтүндөй аймагында үстөмдүктү орнотушкан.

Режимге каршы куралдуу топтор Хама, Хомс жана Дера провинцияларын да көзөмөлгө алышты.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Сувейда провинциясынын борбору да оппозициянын көзөмөлүнө өткөн.

Сириянын Улуттук Армиясынын Халеп  элетинде  1-декабрда ПКК/ЙПГ террордук уюмуна каршы баштаган «Эркиндик таңы» операциясында Тел-Рыфат районунун борбору террордон тазаланды.

Тектеш кабарлар