Катар - Иордания - Иран дипломатиясы
Катардын премьер-министри жана тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдуррахман Аль Тани иорданиялык жана ирандык кесиптештери менен Сирия жана Газа тилкесиндеги окуяларды талкуулады.
Катардын премьер-министри жана тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдуррахман Аль Тани иорданиялык жана ирандык кесиптештери менен Сирия жана Газа тилкесиндеги окуяларды талкуулады.
Катардын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Аль Тани иорданиялык кесиптеши Айман Сафади жана Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Катар менен бул өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык карым-катнаштары, буларды колдоо жана өнүктүрүү жолдору, Израилдин кол салуулары астында Газа тилкесиндеги абал жана басып алынган Палестина аймактары, ошондой эле Сириядагы акыркы кырдаал талкууланды.
Катардын министри өлкөсүнүн Сириядагы акыркы окуяларды чоң тынчсыздануу менен байкап жатканын жана жарандардын бул кагылышуунун бардык кесепеттеринен корголушу керектигин баса белгиледи.